Российский школьник Игорь Назаров в Бишкеке

Атактуу "Саз менеджери" Кыргызстанга келди

261
(жаңыланган 21:09 31.08.2016)
Апасы менен кошо келген Назаров Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болорун айтып, айтылуу костюмун көтөрө келгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү Бишкек шаарына Челябинкилик окуучу Игорь Назаров келди. Аны көпчүлүгү "Саз менеджери" катары тааныйт. 

  • Шаршемби күнү Бишкек шаарына Челябинкилик окуучу Игорь Назаров келди
    Шаршемби күнү Бишкек шаарына Челябинкилик окуучу Игорь Назаров келди
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Аны көпчүлүгү Саз менеджери катары тааныйт
    Аны көпчүлүгү "Саз менеджери" катары тааныйт
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Апасы менен кошо келген Назаров Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болорун айтып, айтылуу костюмун көтөрө келгенин кошумчалады
    Апасы менен кошо келген Назаров Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болорун айтып, айтылуу костюмун көтөрө келгенин кошумчалады
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Ал эми биздин кабарчы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Игорду сүрөткө тартып алды.
    Ал эми биздин кабарчы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Игорду сүрөткө тартып алды.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 4
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Шаршемби күнү Бишкек шаарына Челябинкилик окуучу Игорь Назаров келди

Назаров социалдык тармактарга "Саз менеджери" деген сүрөттөрдүн топтомун жарыялагандан кийин белгилүү болуп кеткен. Тактап айтканда, июнь айынын аягында "ВКонтакте" социалдык тармагында "Как я встретил столбняк" аттуу конкурс жарыяланган. Анын катышуучулары адаттан тыш жерде өзгөчө сүрөттөргө түшүп, аны жарыялашы керек болчу. Биринчи болгон кишиге Кыргызстанга саякаттоо же 15 миң рубль өлчөмүндөгү байге сунушталган. Назаров бул конкурста экинчи орунду ээлеген.

"Мен Кыргызстанга келгениме өтө кубанычтамын. Аэропорттон тосуп алышып, айрымдары селфи жасоого да үлгүрүштү. Буюрса Ысык-Көлгө жөнөп кетебиз. Баса, жолдоруңар абдан жакшы экен", — деди Назаров. 

Апасы менен кошо келген Назаров Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болорун айтып, айтылуу костюмун көтөрө келгенин кошумчалады. Ал эми биздин кабарчы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Игорду сүрөткө тартып алды. 

261
Белгилер:
менеджер, Игорь Назаров, Кыргызстан
Тема боюнча
"Сазга баткан" россиялык окуучу: мени КРде мынчалык күтөт деп ойлогон эмесмин
КРге келүү үчүн сазга батып ылакапка айланган Игорь Ысык-Көлгө чакырылат
Пикирлер