Жогорку Кеңеш эс алууну 12-сентябрга чейин узартты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Кожобек Рыспаев. Архивное фото
Депутат ЖК 6 созыва от фракции СДПК Кожобек Рыспаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган демилгени КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев көтөрүп, ал колдоо тапты.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууну 12-сентябрга чейин узартты. Бул демилге КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге таандык.

"Көчмөндөр оюндары, андан кийин Курман айт майрамы болот экен. Келгиле 12-сентябрга чейин эс алуунун узарталы", — деди эл өкүлү.

Ал эми ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Көчмөндөр оюндарына депутаттар үч автобус менен бара турганын белгиледи. Анын айтымында, депутаттар ачылуу аземине атайын чип менен киришет.

"Баарыңыздар үчүн атайын үч автобус даярдалды. Каалагандар өз унааңар менен барсаңар болот. Ал эми ачылуу салтанатына ар бир депутат өзүнчө чип менен кирет", — деди Турсунбеков. 

Рыспаевдин эс алууну узартуу боюнча сунушу добушка коюлуп, ага 69 эл өкүлү макул болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0