Каримовдун тагын ким мурастайт? Болжолдуу талапкерлерге берилген баа

© AP Photo / Umida AkhmedovaӨзбекстандын желеги. Архив
Өзбекстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз саясатчылары Өзбекстанды ким жетектебесин, өлкөнүн ички-тышкы саясатынын багыты өзгөрбөйт деп эсептешет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Учурда Өзбекстандын президентинин милдетин Сенаттын төрагасы Нигмотулла Юлдашев аткарууда. 

Ал эми дүйнөлүк маалымат каражаттары Өзбекстанды мындан ары ким башкарары тууралуу төлгө тартып убара. 

Болжолдуу талапкерлердин катарында Сенаттын төрагасы Нигмотулла Юлдашев, премьер-министр Шавкат Мирзеев, биринчи вице-премьери жана финансы министри Рустам Азимов жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов бар экени айтылууда. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги жогоруда аталган саясатчылар менен жакын ымалада болбосо да жыйналыштарда чогуу жүрүп же телефон аркылуу болсо дагы байланышта болгон кыргыз саясатчыларынын пикирин топтоду. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖК депутаты Өмүрбек Текебаев
Ситуация в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев

Сенаттын төрагасы Нигмотулла Юлдашев тууралуу ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев ой бөлүштү.

Эл өкүлү Өзбекстан жабык өлкө болгондуктан саясатчылары менен жакшы тааныштык жок экенин билдирди. 

"Өзбекстан жабык өлкө болгондуктан алардын депутаттары эл аралык иш-чараларга катышпайт. Парламент аралык байланышыбыз жок. Ошондуктан өзбек саясатчылары менен биз жакшы тааныш эмеспиз", — деп билдирди Текебаев. 

Ал эми саясий серепчи Марат Казакпаев Юлдашев убактылуу фигура болгондуктан президенттикке талапкерлигин койбойт деген пикирде. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЖК депутаты Феликс Кулов
Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов  - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Феликс Кулов

Премьер-министр Шавкат Мирзеев тууралуу Феликс Кулов өз пикирин мындайча билдирди. 

"Ислам Каримов президент болуп турган чакта кыйын саясатчыларды тарбиялады. Алар мыкты мектептен өтүштү. Катаал мүнөздүү жана талапты катуу койгон саясатчы Каримовдун ишин улантат. Анын терс жактары тууралуу айткан болбойт. Себеби ал үчүн аны менен иштешип көрүү керек. Мирзиеев чарбачыл жана бардык маселелерге компетенттүү караган адам", — деп билдирди Кулов. 

Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримовдон кийинки Өзбекстан кандай болот? Коңшу өлкө эксперттеринин пикири
Саясатчынын айтымында, ал Мирзиеев менен буга чейин телефон аркылуу гана байланышып келген. Кулов эгер бул адам Өзбекстандын президенти болуп калса мамлекеттин багыты өзгөрбөй турганын кошумчалады. 

Бирок саясий серепчи Марат Казакпаев Мирзиеев жетекчи катары өзүн толук көрсөтө албагандыгын билдирди.

"Мирзиеев көбүнчөсү аткаруучу болгон. Жетекчи катары өзүн көрсөтүүгө шарт түзүлгөн жок. Бирок ал экономист болгондуктан Кыргызстан менен жылуу мамилеге экономикалык көз караштардын негизинде келиши мүмкүн", — деди Казакпаев. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы вице-премьер министр Токон Мамытов
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с председателем Ассамблеи народа Кыргызстана Токоном Мамытовом - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы вице-премьер министр Токон Мамытов

Ал эми Рустам Азимов менен бетме-бет көрүшүп жүргөн Токон Мамытов аны мыкты саясатчы катары сыпаттады. 

"Азимов менен көп ирет байланыштым. Себеби экөөбүз тең делимитация, деморкация жана экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү болуп калдык. Сабаттуу мыкты даярдалган жетекчи. Мындайча айтканда өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын ойлогон мекенчил адам. Муну менен катар реалист келип, маселелерди чечүүдө ымалага келүүгө даяр турчу. Аны менен иштешүү бир эле учурда оор жана жеңил. Негизи маңыздуу жетекчи", — деп билдирди мурдагы вице-премьер. 

Саясатчынын айтымында, президенттикке кимиси келбесин ички-тышкы саясаттын багыты өзгөрбөстөн улантылат. 

Казакпаевдин пикири боюнча Рустам Азимов мыкты экономист. Бирок ал батышчыл болгондуктан, президент болууга мүмкүнчүлүгү жокко эсе. 

"Батышты көздөй бурулуу Өзбекстан үчүн кооптуу. Мындан тышкары, Азимовдун өзүнүн таасир эткен тобу жок. Ал жогорку рангдагы чиновник катары ишинин жыйынтыгын көрсөтүп жатат. Бул бардыгы үчүн ыңгайлуу. Бирок анын президенттикке умтулуу амбициясы жок", — дейт Казакпаев. 

© Фото / Бакай М.Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков
Председатель общественной организации Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Артур Медетбеков Рустам Иноятовду жакындан тааныбаса дагы аны сүрөттөп бере ала тургандыгын айтты. 

Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Каримовдун ордуна Мирзиеев келиши мүмкүн
"Атайын кызматтагы эң белгилүү адам. Президенттикке болжолдуу талапкерлердин бири. Анын атасы дагы атайын кызматта иштеген. Иноятов көп жыл бою чалгынчы болуп иштеген. Бир нече тилде сүйлөгөн чечкиндүү адам. Аналитикалык ой жүгүртүүсү жакшы. Мыкты жетекчи жана уюштуруучу. Так ушул адамдын артынан Улуттук коопсуздук кызматы бир катар массалык толкундоолор менен экстремисттик жана террористтик чабуулдардын алдын алды", — деп билдирди Медетбеков. 

Анын айтымына караганда Иноятовдун президенттикке келүүсү менен мамлекеттин саясий багыты өзгөрбөйт. Себеби Өзбекстанда 25 жылдан бери ушул системада иштеп келген саясатчылардын тобу өсүп чыккан. 

"Кимиси Кыргызстан үчүн пайдалуу болорун убакыт көрсөтөт. Бирок кимиси келбесин, улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коет. Анын ичине такталбаган жер тилкелери дагы кирет. Чек арадагы кырдаал жумшарат деп үмүт артпаш керек. Демаркация жана делимитация маселесин эл аралык укуктарды эске алуу менен чечүү керек. Башка жол жок", — деп кошумчалады Медетбеков. 

Ал эми Казакпаев Иноятовду экономист эмес деп сыпаттады. 

"Ал экономист катары ой жүгүртпөйт. Президент болуп калса Кыргызстан менен болгон мамиле курч бойдон кала берет", — деди Казакпаев. 

Белгилей кетсек, Өзбекстанды чейрек кылымдан ашуун башкарып келген туңгуч президент Ислам Каримов 79 жаш курагында дүйнө салып, 3-сентябрь күнү кичи мекени Самаркандда сөөгү жерге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0