Хилари Клинтон: дасторконго Трамп эмес, Путин менен отурмакмын

© Sputnik / Никита Шохов / Медиабанкка өтүүДемократтардын атынан чыккан АКШ президенттигине талапкер болуп чыккан Хиллари Клинтон. Архив
Демократтардын атынан чыккан АКШ президенттигине талапкер болуп чыккан Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенттигине талапкер Хилари Клинтон Кливленд шаарына учуп бара жатып, кабарчылардын суроосуна жооп берген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Демократтардын атынан чыккан АКШ президенттигине талапкер болуп чыккан Хиллари Клинтон дасторконго атаандашы Дональд Трамп менен эмес, Россия президенти Владимир Путин менен отурууну каалайт. Бул тууралуу Daily Mail гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп Обама тууралуу айткандарын какшык деп түшүндүрдү
Бул суроону журналисттер Клинтон учак менен Кливленд шаарына учуп бара жатканда беришкен. Жооп апельсиндин бетине жазылып берилген.

Учактын алдыңкы катарында отурган талапкер адамга суроо жазылган апельсинди тоголотуп жиберүү — журналисттер арасындагы салт. 

"Сиз ким менен бир дасторкондо отурууну тандамаксыз, Трамп мененби же Путин мененби?" деген суроо берилип, "Путин" деген жооп жазылган апельсин кайра журналисттерге тоголонуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0