Карим Масимов өкмөт башчылыктан кетип Улуттук коопсуздук комитетине барды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКарим Масимов. Архив
Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Карим Масимов Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалганы тууралуу Newskaz агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда тиешелүү буйрукка президент Нурсултан Назарбаев кол койгон. Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматын Владимир Жумаканов жетектеп келген. 

"Карим Масимов Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалып, премьер-министрлик кызматтан бошотулсун", — деп айтылат жарлыкта.

Жаңы өкмөт башчы келгенче министрлер кабинетине өз ишин улантуу боюнча тапшырма берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0