Иса Өмүркулов: пикирлер келишпесе, коалициядан чыгуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасын шайлап, ортодо пикир келишпестиктер жаралды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Эгерде пикирлер келишпесе, анда коалициядан чыгуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкуунун убактысы бүттү
Ушул тапта Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасын шайлоо өтүп жатат.

Сөз кезегин алган "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев буга чейин КСДП кеңешпей туруп Асел Кодуранованын талапкерлигин алып чыкканын айтып, коалиция болгон соң кеңешип чечим чыгарууга чакырды. Муну менен бирге комитеттин төрагалыгына "Өнүгүү — Прогресстин" депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин көрсөттү.

"Буга чейин Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөнүбүздө айрымдар колдогон жок. Мына азыр да комитет төрагасын шайлоо учурунда "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери менен пикир келишпестиктер болуп жатат. Андай болсо коалициядан чыгуу керек", — деди Өмүркулов.

Ал эми "Бир Бол" фракциясынын депутат болуп келген Мыктыбек Абдылдаев сентябрь башталары менен талаштар күчөп жатканын, коалиция болгон соң ачууга алдырбай кеңешүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0