Текебаев: биз коалициядан чыкпайбыз, келишимди так аткарып жатабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КСДП лидери Иса Өмүркулов коалициянын позициясын колдобогондон кийин чыгып кетүү сунушун айтты.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" коалициядан чыкпайт, коалициялык келишимди так аткарып жатат. Бул тууралуу аталган фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө жооп беришти
Эске сала кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасын шайлоо учурунда бир катар пикир келишпестиктер чыгып, Бакыт Төрөбаев менен Иса Өмүркулов кайым айтыша кеткен. 

Сөз кезегин алган "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев буга чейинки сөзүн улай турганын айтты.

"Бардык бийлик Жогорку Кеңеште. Каолициянын төрагасы жок. Биз жолугушпастан, чоң тойлордо бири-бирибизди кекетебиз. Курман айт күнү Оштун мэри каргады го бизди. Айт каргай турган күнбү? Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков курман айтта Атамбаевдин куттуктоосун сүйлөдү. Ал эми президенттин катчысыбы? Иса Шейшенкулович мени менен эмес, Икрам менен кеңешет деп ойлойм. Биз коалициядан чыкпайбыз, коалициялык келишимди так аткарып жатабыз", — деди Текебаев. 

Өз кезегинде сөз алган Өмүркулов пикирлер келишпей, коалициянын позициясын колдобогондон кийин чыгып кетүү сунушун айтты. 

"Принципиалдуу каршы болуп жатасыз. Чыгып кетишке мүмкүнчүлүк бар, өз ыктыярыңар менен чыгып кетсеңер болот. Колдобогон соң чыгыш керек деп ойлойм", — деди Өмүркулов. 

Ал бул сөзүн "Өнүгүү — Прогресс" фракциясына да багыттады.

Жаңылыктар түрмөгү
0