Өмүрбек Бабанов: РАЖ коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РАЖдын лидери айрымдарды эгерде принципиалдуу позициясы болсо, коалициядан чыгууга чакырды.
Өмүрбек Бабанов: биздин фракция коалицияга кирүүгө даяр

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Эгер позициябыз дал келсе, "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу аталган фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасын шайлоо учурунда бир катар пикир келишпестиктер чыгып, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен КСДП жетекчиси Иса Өмүркулов кайым айтыша кеткен. 

"Биз силердин ынтымакка келишиңерди күтүп отурабыз. Принципиалдуу позицияңар болсо коалициядан чыккыла. Бирок комитеттин төрагасын талашып жатып коалициядан чыгып кетүү — бул уят. Буга чейин бири-бириңер менен бөлүшүп, калыс болгон жоксуңар. Биздин позицияга дал келсе, өлкөнүн келечеги үчүн коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даярбыз", — деди Өмүркулов.

Ал Өмүрбек Текебаевге кайрылып, адамдын жеке өзүнө асылбай, саясий аренада күрөшүүгө чакырды.

Сөз кезегин алган Текебаев РАЖ лидерин Роза Отунбаеваны коргобой койдуң деп айтыптады. 

"Атамбаевге айтып койгула, өлкөбүздү бүткүл дүйнөгө уят кылды. Өмүрбек Бабанов, сени Роза Исковна вице-премьер кылды эле, эжебизди коргоп койгонго жарабадың го. Бирөөгө акыл айткандан мурун ага татыктуу болуш керек", — деди Текбаев. 

Ушул тапта Жогорку Кеңештин отуруму уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0