Премьер Кумтөрдөгү айлана-чөйрөгө тийиштүү маселелердин чечилишин талкуулады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууга тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрү да катышып, анда Кумтөр иши талкууланды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Centerra Gold компаниясынын Башкы аткаруучу директору Скотт Перри менен жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолугушууга тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрү да катышып, анда Кумтөр иши талкууланды.

Кумтор Голд Компани ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы: Кумтөрдө салыктык мыйзам бузуулар аныкталган
Премьер-министр КР өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – Кумтөр кениндеги айлана-чөйрөгө тийиштүү бардык маселелерди толугу менен жана натыйжалуу чечүү болуп саналарын айтты.

Centerra Gold компаниясы жаратылышты коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, Centerra Gold компаниясы айлана-чөйрөнү булгап жатат деп кыргыз тарап бир нече кине койгон болчу.

Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын дээрлик 33 пайыз акциясына ээ, бул 77 миллиондон ашык баалуу кагазды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0