ЖК Түгөлбай Казаковдун Маданият, маалымат жана туризм министри болушун колдоду

© SputnikСнимок с сайта wikimedia.org. На фото композитор, публицист и народный артист Кыргызстана Туголбай Казаков
Снимок с сайта wikimedia.org. На фото композитор, публицист и народный артист Кыргызстана Туголбай Казаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казаков буга чейин аталган министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 105 добуш менен КРдин эл артисти Түгөлбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министри болушун колдоп берди. 

Эске сала кетсек, Казаков буга чейин аталган министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Эми мыйзамга ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек.

Казаковго чейин бул кызматты Алтынбек Максутов ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0