Жалал-Абад облусунун жетекчиси Жумагүл Эгамбердиева кызматынан кетти

Жазылуу
Ал Кыргызстандагы облус жетекчиси болуп иштеп келе жаткан жападан жалгыз аял кызматкер.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматынан кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Эгамбердиева кабарлады. 

Мындай маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов да тастыктады.

"Мен башка кызматка, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине дайындалганыма байланыштуу мурдагы кызматымдан кеттим", — деди Эгамбердиева.

Снимок с сайта wikimedia.org. На фото композитор, публицист и народный артист Кыргызстана Туголбай Казаков - Sputnik Кыргызстан
ЖК Түгөлбай Казаковдун Маданият, маалымат жана туризм министри болушун колдоду
Ал Кыргызстандагы облус жетекчиси болуп иштеп келе жаткан бирден-бир аял кызматкер. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2014-жылдын 1-октябрында дайындалган. 

Өкмөт башчынын маалымат катчысы аталган орунга азыр кимдин келе тургандыгы белгисиз экендигигин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчи болуп Бакыт Рыспаев иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0