Казак президенти Нурсултан Назарбаев Бишкекке келип конду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазак президенти Нурсултан Назарбаев КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди
Казак президенти Нурсултан Назарбаев КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Казак президенти Нурсултан Назарбаев КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келгенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кучак толо гүл алып, боорсоктон ооз тийди - Sputnik Кыргызстан
Азербайжан президенти Ильхам Алиев кучак толо гүл алып, боорсоктон ооз тийди
Назарбаевди "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 

Буга чейин Белоруссия президенти Александр Лукашенко, Молдванын премьер-министри Павел Филип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев келишкен.

16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт.

КР ТИМи саммитке Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0