КМШ өлкө башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйыны башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета глав стран — участниц Содружества Независимых Государств
Заседание Совета глав стран — участниц Содружества Независимых Государств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчылары жолугуп, саммитте талкуулануучу 14 маселени бекитишкен.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттердин өлкө башчыларынын мааракелик саммити башталды.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келди - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келди
Ага Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Түркмөнстандын премьер-министринин орун басары, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Украинанын Кыргызстандагы элчиси катышууда.

Делегация башчыларын резиденциядан Атамбаев тосуп алды. Жалпы сүрөткө түшүү аземинен кийин жыйын катышуучулары тар чөйрөдөгү жолугушууга жөнөп кетишти.

Эскерте кетсек, буга чейин КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчылары жолугуп, саммитте талкуулануучу 14 маселени бекитишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0