Депутаттар Батыровдун ЕККУдан сүйлөгөнүн териштирүүнү талап кылып жатышат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү улуттар аралык араздашууга себепкер болгон адамдын Европада туруп алып сын айтышы акылга сыйбайт деген пкирде.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунда (ЕККУ) сүйлөгөндүгү боюнча териштирүү демилгесин көтөрүштү.

Эске сала кетсек, Батыров аталган уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөп, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экенин, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш иши козголушуна нааразы болгонун айткан.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев эл аралык издөөгө алынган Батыровдун сөзү боюнча ЖК позициясын билдириши керектигин айтты. 

"Мен Батыровдун кайрылуусун көрүп таң калып турам. Ал Европага барып алып Конституция боюнча сын айтып жатат. Бизде ким сепаратист экендигин билбей калдым. Жогорку Кеңеш бул тууралуу тез арада пикир билдиришибиз керек", — деди Тиллаев. 

Ал эми "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Кадыржан Батыров бул кайрылуусу менен да улуттук араздашууга чакырып жатат деген ойдо. 

"Батыров өзбектердин бактысына Азимжан Аскаров бар экен деп айтып жатат. Ал өзүн кудайдан кийинки эле адам кылып алды. Чара көрөлү", — деди Бакиров. 

Жогорку Кеңештин жыйынынан архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште отурум башталбай жатып чыр чыкты
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева маселени создуктурбай, бүгүн кароо сунушун айтты. 

Өз кезегинде төрага Чыныбай Турсунбеков регламент боюнча аталган маселе комитетте каралышы керектигин билдирди. 

Эске сала кетсек, Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарынын соту тарабынан 2010-жылдагы июнь окуяларын уюштурууга күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан соттолгон. Анткен менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0