Кыргызстан Батыровдон улам ЕККУ баш катчысына кине койду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньерге Батыровдун кайрылуусунан улам жаралган ыңгайсыздыктарды жоюу чаралын көрүү сунушу айтылды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун 71-сессиясынын алкагында Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. 

Кыргыз бийлиги тарабынан улуттар ортосунда от жаккан, сепаратисттик аракеттерди жасаган деп күнөөлөнүп эл аралык издөөгө алынган Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кадыржан Батыров деген ким?
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Абдылдаев улуттар аралык араздашууга себепкер болуп соттолгон Кадыржан Батыровдун ЕККУдан сүйлөгөнүнө нааразы экенин билдирди. 

Эске сала кетсек, улут аралык араздашуунун козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Батыров аталган уюмдун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөн. Анда Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экенин, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш иши козголушуна нааразы болгонун айткан. Учурда абакта отурган Азимжан Аскаровго чыккан соттун чечими туурасында нааразычылыгын билдирген. 

"Кыргыз тарап буга чейин соттолуп, эл аралык издөөдө жүргөн адамдарга, өзгөчө Кадыржан Батыровго ЕККУдан аянтча бербөө талабын койду. Ошол эле учурда Кыргызстан өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо үчүн өзү туура деп эсептеген кадамга барары айтылды", — деп жазылат маалыматта. 

Мындан сырктары, башкы катчыга Батыровдун кайрылуусунан улам жаралган ыңгайсыздыктарды жоюу чаралын көрүү сунушу айтылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0