Өмүркулов: Баш мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр Атамбаев кеткенден кийин күчүнө кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын конституциясынын архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын конституциясынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун акыркы варианты ЖК сайтына илинди. Парламенттин отуруму 29-сентябрга белгиленди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Конституциядагы айрым өзгөртүүлөр Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин гана күчүнө кирет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Конституцияны өзгөртүү боюнча демилгечилердин бири, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖКны эки жаат кылган референдум өткөрүү боюнча демилге добуш берүүгө жөнөтүлдү
Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоого алганы менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыгышкан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен. 

Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча акыркы вариант Жогорку Кеңештин сайтына илингенин айтты. 

"Буга чейин демилгеленген мыйзам долбоору коомдук талкуудан өттү. Андагы сунуштар эске алынып, акыркы вариант ЖКнын сайтына илинди. Буюрса 27-сентябрь күнү аталган мыйзам долбоору ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат", — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү Конституцияны өзгөртүү боюнча биринчи сунушталган варианттын көп жери өзгөргөнүн кошумчалады. 

Президен Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жактырды
"Буга чейин биринчи беренеге көп сунуштар айтылган. Алар алып салынды да, преамбулага кошулду. Конституциялык палатанын чечими президент жана ЖКда каралсын деген норма да алынды. Жалпылап айтканда коомдук талкуу учурунда айтылган сунуштарды эске алуу менен акыркы вариантын сунуштадык. Эң башкысы — президентке тиешелүү өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет", — деди депутат.

Өмүркулов айрым өзгөртүүлөрдүн 2017-жылы күчүнө кириши президенттин мөөнөтүнүн бүтүүсү менен байланыштуу экенин кошумчалады. 

"Айрымдар Конституцияны өзгөртүү менен Атамбаев бийлигин күчөтүп жатат дешүүдө. Алардын айткандары суу кечпей турганын көрсөтүү үчүн президентке тиешелүү өзгөртүүлөрдү 2017-жылдын 1-декабрына жылдырдык. Бул убакытта Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтөт", — деди депутат. 

Белгилей кетсек, референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 29-сентябрда парламенттин отурумунда талкууланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0