Абдылдаев төрага менен комитет жетекчилеринин жылдык отчетун угууну сунуштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев өкмөттү зекигенден мурун депутаттар өзүлөрү тартипке келип алса жакшы болорун айтты.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы менен комитет жетекчилеринин жылдык отчетун угуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу эл өкүлү парламентте сүйлөп жатып айтты. 

Жогорку Кеңештин күн тартиби бекитилип жатканда Төрөбай Зулпукаров өкмөттү тартипке чакыруу керектигин айтты. Андан соң сөз кезегин алган Абдылдаев алгач депутаттар тартипке келип алса жакшы болорун баса белгиледи.

"Биз өкмөт менен башкаларды сындайбыз. Бирок алгач өзүбүздү тартипке салып алсак. Мен төрага менен комитет жетекчилеринин жылдык отчетун угунуу сунуштайм. Бир жылда эмне кылдыңар? Ошолор тууралуу айтып бергиле. Мыйзамда 1-октябрга чейин отчет берсеңер болот деп турат. Кийинки аптада отчетуңарды угалы", — деди Абдылдаев. 

Эл өкүлүнүн сунушун уккан спикер Чыныбай Турсунбеков жооп кайтарбастан ишин улантты. 

Учурда эл өкүлдөрү күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорун карап жатышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0