Кыргызстан ЕККУнун өлкөдөгү макамын өзгөртүү ниетинде

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүЕККУнун эмблемасы, архивдик сүрөт
ЕККУнун эмблемасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маалыматты ЕККУнун Бишкектеги Борбору тастыктады. Кыргызстандын ТИМи азырынча бул тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере элек.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги Борбору КР Тышкы иштер министрлиги уюмдун Венадагы катчылыгына ЕККУнун макамын өзгөртүү боюнча нота жибергенин тастыктады. 

"Биз ЕККУнун мандатынын алкагында иштеп жатабыз. Нота ЕККУнун катчылыгына жолдонду. Кенен маалымат алуу үчүн ал жакка кайрылуу керек", — деп уюмдун Бишкектеги борборунан айтышты.

Ал эми уюмдун катчылыгы Sputnik Кыргызстан агенттигине нота тууралуу "жакын арада жооп бере турганын" билдирди. КР ТИМдин маалымат кызматы ЕККУ Борборунун макамын өзгөртүү боюнча түшүндүрмө бере элек. 

Буга чейин "Фергана" агенттиги өзүнүн жеке булактарына таянуу менен КР ТИМи ЕККУнун статусу борбор программалык офиске алмашышы мүмкүндүгүн билдирген. ЖМКлардын маалыматына ылайык, мындай кадамга Кадыржан Батыровдун ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөөсү себеп болгон. 

Аталган агенттикте жарыяланган документке ылайык, КР ТИМи бул уюмдун статусун алмаштыруу аракеттерин 2017-жылдын 1-январынан тарта баштоого ниеттенүүдө. 

Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес
Кыргызстанда 2010-жылы улуттар аралык жаңжалды тутанткан деп айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылып, учурда издөөгө алынган Кадыржан Батыров ушул жылдын 20-сентябрында Варшавада сөз сүйлөп, КР Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирген. Андан сырткары, өлкө бийлигинин жаңы кылмыш иш ачышына нааразы экенин жана ага кызмат адамдарынын тийиштиги бар экенин айткан. 

Мындан улам КР ТИМи соттолгон кылмышкерге сөз берилди деп нааразычылыгын билдирген. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы катуу талкууланып, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катуу формада ЕККУнун жетекчилигене нааразычылык билдирген. Министр ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Батыровго сөз берүүнү Кыргызстанды сыйлабагандык катары сыпаттаган.

Андан сырткары, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева ЕККУ Демократиялык институт жана адам укугу боюнча бюросунун "Дискриминация эмес жана толеранттуулук" деген темадагы 10-отурумунда Кадыржан Батыровго сөз берилгендигине нааразылык билдирип, залдан чыгып кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0