БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшүү маселесин талкуулады.
Мамлекет башчысы УКМК жетекчисинен мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөштү мындан ары жакшыртуу боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат алган.
Атамбаев учурдагы коркунучтар коопсуздук органдарынан террорчулук, диний экстремизм жана башка кылмыштар менен күрөштүн майнаптуулугун арттыруу боюнча чараларды көрүүнү талап кылган.
Бүгүн Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кабардар болгон.