"Жаңы Ордо" гезити 7-октябрда чыккан санында Феликс Кулов Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен Өмүрбек Абдрахмановго барып "Текебаевге эки айдай асылбай турчу" деп салам дубай айтканын жазып чыкты.
"…Демократ Өмүкенин оозун жабыш үчүн аксакал деп Феликс Куловду "жуучулукка" жөнөтөптүр. Кулов демократ Өмүкеге барып "Айланайын Өмүке, мени берки Өмүке сага атайын жөнөттү. Ушул эки ай мага асылбай туруп турсунчу. Атамбаев менен ары же бери болуп алайын" деп салам дубайын айтса, демократ неме шарт эле "Атамбаев менен алышса, алыша берсин. Менин кандай тиешем бар. Мен чындыкты айтып жатам да. Өмүкеңдин Атамбаев кол алдындагы адамдардан жер сатып алганы боюнча көтөрүп чыккан маселесин мен деле колдойм. Башка нерселерин көрүп, билип туруп деле унчукпай олтура беремби?" — деп суроосуна суроо менен жооп кайтарыптыр", — деп жазат аталган гезит.
Феликс Кулов айтылгандар чындыкка коошпой турганын, ал Текебаев менен жолугуп таптакыр башка маселелер боюнча сүйлөшкөнүн айтты.
"Майдан.kg" гезити 5-октябрда чыккан санында укук коргоочу Нурбек Токтакуновду АКШнын тымызын заказдарын аткарып келүүдө деп жазды.
"Нурбек Токтакунов Кыргызстандагы АКШнын мурдагы элчиси менен тымызын жолугушуп жүргөнү, алардын заказын аткарып келгени маалым…", — деп жазды.Нурбек Токтакунов бир гана АКШ эмес, башка мамлекеттердин элчилери менен деле жолугуп келгенин айтат.
"Мен башка мамлекеттердин элчилери менен деле жолугушуп турам. Анын баары ачык-айкын эле өтөт. АКШнын гранттары, башка мамлекеттин таламын талашат деген кептер буга чейин деле айтылып келген. Андыктан ал жаңылык деле эмес", — дейт Токтакунов.
"De-Facto" гезити 6-октябрда чыккан санында жакын арада чет жактагы бир катар элчилер алмашарын жазып чыкты. Алардын катарында Түркия менен Германиядагы элчилер бар.
"…Ушу тапта тар чөйрөдө бир катар элчилерибиз жаңыларына алмаштырылары айтылууда. Мисалы, Түркиядагы өкүлүбүз Ибрагим Жунусов кызматынан бошой турганы тууралуу кеп тарады. Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев Германияга элчи болуп кетери каңкууланды", — деп жазат аталган басылма.
Туруспек Коёналиев мындай кабарды өзү укпаганын айтты.
"Мен аны укпаптырмын. Андай сөз жок", — дейт Коёналиев.
Ал ошондой эле бул жөн эле айтылган кеп болсо керек деп кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ордуна Илияз Иманбетов келди. Ал буга чейин ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштеген башкармалыкты жетектеп турган.
Кабыл Абдалиев 2019-жылдын июль айынан бери ушул кызматты ээлеп келе жаткан. 2021-жылы өкмөттө реформа болуп, Салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин курамына киргендиктен 1-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Абдалиев кайра кызматка дайындалган болчу.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.