Атамбаев Грузия менен Арменияга барууга камданып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы иш сапардын алкагында Арменияда өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Грузия менен Арменияга барууга камданууда. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, иш сапар 12-14-октябрь күндөрүнө пландалууда. 

"Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Грузия президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу пландары талкууланат", — деп айтылат маалыматта. 

Мамлекет башчы андан соң 13-14-октябрь күндөрү Арменияда өтө турган ЖККУнун жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0