Кудайберген Базарбаев: кызматтан өз ыктыярым менен кеттим

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЭкс-министр Кудайберген Базарбаевдин архивдик сүрөтү
Экс-министр Кудайберген Базарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку эмгек жана социалдык өнүгүү министри анын кетишинен саясий боек издөөнүн кажети жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Учурда атка минерлер кызматынан куулуп эмес, өз ыктыяры менен кеткен саясаттагы жаңы көрүнүш пайда болуп жатканын экс-министр Кудайберген Базарбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жумуштан бошотулган. Экс-министр ал кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатканын белгилеп, анын себептерин айтуудан баш тартты.

"Менин кетишимден саясат издөөнүн кереги жок, буга эч кандай себеп да жок", — деди Базарбаев.

Экс-министр азырынча мындан ары эмне менен алектенерин аныктай электигин, бирок буга чейинки окутуучулук ишемрдүүлүгүнө кайтышы мүмкүн экенин белгиледи.

Кудайберген Базарбаев министрлик кызматты "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2013-жылдын май айынан бери ээлеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0