Ирина Карамушкина парламентте кыргызча ант берди

© Фото / пресс-служба ЖК КРКСДП фракциясынан депутат болуп келген Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна депутат болду.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ирина Карамушкина парламентте ант берди. 

5-октярь күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ошондон улам бошоп калган орунга кийинки кезекте турган Карамушкина келди. 

Эске сала кетсек, Карамушкина бешинчи чакырылышта да депутат болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0