Атамбаев Таиланд королунун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Жазылуу
Таиланддын королу Пхумипхон Адульядет (Рама тогузунчу) 89 жашында көз жумган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Таиланддын премьер-министри Прают Чан-О-Чага жана королева Сирикит айымга король Пхумипон Адульядеттин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Эскертсек, Таиланддын королу Пхумипхон Адульядет (Рама тогузунчу) 89 жашында каза болгон

"Король Пхумипон Адульядет өз элине берилген башкаруучу катары биздин эсибизде калат. Таиланддын туруктуу өнүгүшү анын аты менен жаратман эмгегине байланышкан", — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Таиланд элине көӊүл айтып, бул оор учурда кайраттуу болууну каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0