Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Мамбеталиев кызматтан алынды

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамбеталиев бул кызматта 2015-жылы 1-июлунан тарта иштеп келген.

Аталган кызматтын жетекчисинин милдетин аткаруу төраганын орун басары Сейитбек Эрматовго жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0