Атамбаев Антониу Гутеррешти БУУнун Башкы катчылыгына шайланышы менен куттуктады

© AFP / DON EMMERTБУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент БУУнун Башкы катчысынын кызматына шайланган Антониу Гутеррешти визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Антониу Мануэл ди Оливейра Гутеррешти БУУнун Башкы катчылыгына шайланышы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан 24 жылдан бери БУУнун ишенимдүү өнөгү болуп саналарын, жемиштүү, көп пландуу кызматташтыктын негизинде өнөктөш бойдон кала берерин белгиледи.

"Сиздин шайланышыңыз БУУ өлкөлөрүнүн жогору ишениминин жана Португалия өкмөтү менен БУУ системасында иштеген учуруӊузда алган чоң кадыр-баркыӊыздын күбөсү. Планетада туруктуу өнүгүү, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, жакырчылык менен ачарчылыктын үстүнөн жеӊиштин максаттарына жетүү жолунда БУУ мамлекеттерди баштай турган күчтүү лидерге муктаж экенинен күмөн саноого болбойт", — деп айтылат телеграммада.

Президент БУУнун Башкы катчысынын кызматына шайланган Антониу Гутеррешти визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырып, ага ден соолук, бакубаттык жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0