Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча ЖКда чыр чыкты

Жазылуу
Аталган маселени КСДПчы депутат Данияр Аттокуров көтөрүп, өкмөт өкүлдөрү түп нускасы жок экенини айтышты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча парламентте чыр чыкты. 

Буга чейин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бир канча ирет 2010-жылы кабыл алынган баш мыйзамдын түп нускасы өзгөрүп кеткенин айтып чыккан. Бүгүнкү отурумда КСДПчы депутат Данияр Аттокуров Үмөталиеванын билдирүүсүнө таянуу менен чын эле Конституциянын түп нускасынын бар-жогуна кызыкты. 

"Буга чейин талкуу учурунда Токтайым Үмөталиева Баш мыйзамдын түп нускасы жок экенин айтты. Ушундан улам суроо жаралат. Баш мыйзамдын түп нускасы кайда?" — деди Аттокуров. 

Ал эми аталган суроого жооп берген юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева аталган маселе боюнча буга чейин Үмөталиева сотко кайрылганын билдирди. 

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Улан Примов: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрга белгиленет
"Ммөталиеванын доосу боюнча аталган маселе сотто каралган. Доонун негизи жок деген жүйөө менен 2015-жылы арыз артка кайтарылган. Конституция укуктук ченемдик акт болгондуктан мыйзам боюнча түп нускалар президенттин аппаратында сакталат. Бизге күбөлөндүргөн көчүрмөсү келген. Андыктан Юстиция министрлигинде түп нуска жок", — деди министр. 

Ал эми президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттин аппаратында дагы архивде түп нуска жок экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0