Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы чыккан Шыкмаматов "макул" деп добуш берип алды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шыкмаматов добуш берүү аяктагандан кийин сөз сүйлөп, "макулду" адашып басып алганын айтты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршы турган "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов референдумду дайындоо мыйзам долбооруна "макул" деген добушун берди. 

Эске сала кетсек, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, 90 депутат макул, 14 эл өкүлү каршы чыккан. 

"Биз Садык Шер-Нияз экөөбүз каршы добуш беребиз деп жатып "макулду" басып алыптырбыз. Андыктан эки добушту кем кылып, 88 деп эсептеш керек", — деди Шыкмаматов. 

Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев, Аида Саляновалар талкуу учурларында караманча каршы чыгып, Баш мыйзамды өзгөртпөө керектигин айтып келишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0