АКШ мамкатчысынын орун басары Кыргызстанга келет

© AFP / YURI CORTEZАрхивное фото замгоссекретаря США Томаса Шеннона
Архивное фото замгоссекретаря США Томаса Шеннона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломаттын Кыргызстанга 26-27-октябрь күндөрү келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннон 24-29-октябрь күндөрү Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга келе турганы Американын Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланды.

Встреча министров иностранных дел Абдулазиза Камилова и Эрлана Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташуу боюнча программага кол коюшту
Маалыматка ылайык, бул Шеннондун Борбордук Азияга болгон алгачкы сапары. Америкалык дипломат аталган мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп, мурунку союздун курамындагы Борбор Азия өлкөлөрү менен (Тажикстан, Түркмөнстанды кошуп) байланышты өнүктүрүү аракетин улантмакчы.

Дипломаттын Кыргызстанга 26-27-октябрь күндөрү келиши күтүлүүдө.

Шеннон сапаранын алкагында өлкө жетекчилери менен жолугат. Ал эми Өзбекстанга барган дипломат мурунку президент Ислам Каримовдун сөөгү коюлган Самарканд шаарына да барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0