ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында

Кашкар Жунушалиев: кызматтан кетпейм

209
(жаңыланган 12:38 21.10.2016)
Социалдык тармактарда ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев кызматтан кетет деген маалыматтар бир нече жолу тараган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өлкөнүн ички иштер министри маалымат жыйынында азыркы кызматынан кетпей тургандыгын айтты. Буга чейин социалдык тармактарда ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев кызматтан кетет деген маалыматтар бир нече жолу айтылган. 

"Маалыматтарды жазардан мурда менден сурап койсоңор болмок. Менин кызматтан кетейин деген оюм жок. Кызматкерлерим өкмөт, Жогорку Кеңеш жана президент тараптан ИИМди реформалоо жана милициянын шартын жакшыртуу боюнча колдоо болуп жатканын көрүп турат", — деди министр.

Анын айтымында, азыр кызматкерлер шарты жакшырганын, тагыраагы турак-жайлар берилерине ишене баштады. 

209
Белгилер:
милиция, ИИМ, Кашкар Жунушалиев
Тема:
ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин маалымат жыйыны (5)
Тема боюнча
ИИМ башчысы: Дүйшөбаева менен Абасовдун иши боюнча жыл аягына чейин жыйынтык болот
ИИМ башчысы Жунушалиев Армения полициясындагы реформалар менен таанышты