Салам, Кыргызстан! Өлкөгө келип кеткен АКШнын атка минерлери

© AP Photo / Rich PedroncelliАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннон келмекчи. Sputnik редакциясы Кошмо Штаттардын дагы кайсы жогорку даражалуу өкүлдөрү биздин өлкөгө келип кеткенин эскерет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбордук Азияга АКШнын мамлекеттик катчысынын (тышкы иштер министринин) орун басары Томас Шеннон келет. Кошмо Штаттардын тышкы саясат ведомство башчысынын орун басары 24-29-октябрь күндөрү Казакстан, Кыргызстан Өзбекстан өлкөлөрүн кыдырмакчы. Американын бийик даражалуу дипломаты "С5 + 1" чегиндеги байланыштарды (Борбор Азия өлкөлөрү + АКШ) улантат. Кыргызстанда Шеннон эки күнгө келип, 26-27-октябрда болот. 

Бул дипломат аймакка, демек, Кыргызстанга да алгачкы жолу келиши. Бирок Кыргызстан ири мамлекеттердин катарына кирбесе да, Штаттардын бийик даражалуу өкүлдөрү биздин өлкөгө биринчи жолу келип жаткан жок. Анан калса, тоолору асман тиреген жергебизге ар кандай себептер менен АКШнын мындан да жогору кызматтагы атка минерлери келген. Sputnik Кыргызстан редакциясы Американын кайсы бийик даражалуу өкүлдөрү биздин өлкөгө келип кеткенин эскерет. Маалымат ачык булактардан алынды. 

Тарыхтан учкай сөз

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын мамкатчысы Жон Керри Кыргызстанды Орто Азиядагы демократия лидери атады
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылы 27-декабрда түзүлгөн. АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө. 1992-жылы 1-февралда Американын КРдеги элчилиги, ошол эле жылы кечирээк АКШда Кыргызстандын элчилиги ачылган. Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку маалымат катчысы, АКШдагы азыркы элчи Кадыр Токтогулов 2014-жылдын акырында дайындалган. Ал бул өлкөдө биздин дипөкүлчүлүктү жетектеп турган бешинчи киши. АКШнын мамлекеттик департаменти өз элчилерин бизден тезирээк алмаштырып турат. Азыркы элчи Шейла Гуолтни – тогузунчусу. 

Ак үйдүн деңгээлиндеги сапарлар 

Американын бир да президенти Кыргызстанга келген эмес, бирок мамлекет башчылары бир нече жолу жолугушкан. Алсак, Аскар Акаев президент болуп турганда Жорж Буштардын кичүүсү менен, ал эми Роза Отунбаева Барак Обама менен кезиккен. Бирок мындай жолугушуулар Америка жергесинде болгон. Кыргызстанга АКШнын №1 адамдары келген эмес, бирок биринчи айымдары биздин жерди көрүп кетишкен. 

© AP Photo / Susan WalshКыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен АКШ президенти Барак Обама. Нью-Йорк, 2010-жыл
Президент Кыргызстана Роза Отунбаева и президент США Барак Обама. Нью-Йорк. 2010 год. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен АКШ президенти Барак Обама. Нью-Йорк, 2010-жыл

Учурда АКШнын президенттигине ат салышып жаткан Хиллари Клинтон 1997-жылы мурунку совет өлкөлөрүнүн бир тобун кыдырып, анын ичинде Кыргызстанга да келип Америка университетинин (азыркы Борбордук Азиядагы Америкалык университет) ачылыш салтанатына катышкан. Ал мындай сапарды өзүнүн жубайы, ошол кездеги президент Билл Клинтондун өтүнүчү менен жасаган. Бирок атка минерлерди иерархиялык жактан алсак, америкалык эң бийик даражалуу мейман Кыргызстанга 23 жыл мурун келиптир. Ошол кездеги вице-президент Альберт Гор Аскар Акаев менен бирге Бишкекте инвестицияларды коргоо жана айыл чарба ишкердиги боюнча биргелешкен комиссия түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. 

Дипломатиялык мамиле деңгээлинде 

Кыргызстанга АКШнын дипкорпусунун өкүлдөрү, анын ичинде мамлекеттик катчылары бир нече ирет келишкен.

© AP Photo / MIKHAIL METZELАскар Акаев 2000-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайтти кабыл алууда
Президент Аскар Акаев в 2000 году принял госсекретаря США Мадлен Олбрайт - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев 2000-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайтти кабыл алууда

Алсак, 1991-жылы декабрь айында дипломатиялык мамилелер түзүлө элек кезде мурунку советтик мамлекеттерди кыдыруунун алкагында өлкөгө Жордж Бейкер келип кеткен. Тогуз жылдан кийин, 2000-жылдын апрелинде Бишкекке Мадлен Олбрайт келген. Ал Кыргызстанда ага чейин өткөн парламенттик шайлоонун жүрүшүндө орун алган мыйзам бузуулар боюнча бир катар сын пикрилерин айткан. Мындан тышкары, Олбрайт түрмөдө жаткан оппозициялык генерал Феликс Куловдун тагдыры жөнүндө маселени козгогон. Ошондой эле анын программасында Өзбекстан жана Казакстан да бар болчу.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс президент Курманбек Бакиев менен. Бишкек, 2005-жыл
Госсекретарь США Кондолиза Райс с президентом Курманбеком Бакивым. 2005г - Sputnik Кыргызстан
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс президент Курманбек Бакиев менен. Бишкек, 2005-жыл

Кыргызстанга Кондолиза Райс да келип кеткен. Ал 2005-жылкы расмий сапарында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев жана премьер Кулов менен эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар маселелерди талкуулаган.

© AP Photo / Nina GorshkovaАКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон КР президенти Роза Отунбаева менен Бишкекте. 2010-жыл
Госсекретарь США Хиллари Клинтон во время встречи с президентом КР Розой Отунбаевой в Бишкеке. 2010г - Sputnik Кыргызстан
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон КР президенти Роза Отунбаева менен Бишкекте. 2010-жыл

2010-жылдын аягында өлкөгө мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон келип, Роза Отунбаева менен жолугуп, "Кыргыз Республикасы демократиялаштыруунун татаал жолун тандап алганына суктанарын" билдирген. Ошондой эле ал 1997-жылы ачылыш аземине өзү катышып кеткен Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин студенттеринин алдында чыгып сүйлөгөн. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен, Бишкек, 2015-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с госсекретарем США Джоном Керри - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен, Бишкек, 2015-жыл

Дагы беш жылдан кийин 2015-жылы октябрда, Борбордук Азияны кыдыруу учурунда Кыргызстанга дагы бир мамлекеттик катчы Жон Керри келген. Ал Атамбаев менен бир катар маселелерди, анын ичинде Афганистандагы абалды талкуулаган. Бирок анын башкы бара турган жери Бишкек эмес, Самарканд (Өзбекстан) болчу. Ал жакта ал Орто Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукмак. Бул "C5 + 1" деп аталчу (башкача айтканда, беш Борборбук Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү + АКШнын өкүлү) жаңы формат. Албетте, Кыргызстанга тышкы иштер министринин өзү эмес, жардамчылары менен орун басарлары орто эсеп менен жылына бир жолудан келип кетишет. 

Аскерий байланыш 

Кыргызстандын жанан АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШга жаңы президенттин келиши Кыргызстанга кандай таасир этет?
Кыргыз-америка мамилелеринин негизги багыттарынын бири болуп аскер тармагы эсептелет. Алсак, 2001-2014-жылдар аралыгында Афганистандагы терроризмге каршы операциянын алкагында Бишкекке жакын жердеги "Манас" аэропортунда АКШнын авиабазасы турган (2009-жылдан тарта Транзиттик ташуу борбору катары иштеген). Андыктан республикага АКШнын коргоо министрлигинин (Пентагон) жетекчилиги келип-кетип турганы таң каларлык эмес. Алсак, 2005-жылы Дональд Рамсфелд, эки жылдан кийин Роберт Гейтс, ал эми Кыргызстандын бийлиги Транзиттик ташуу борборунун жабылышы жөнүндө жарыялагандан кийин 2012-жылы Леон Панетта, дагы бир жылдан кийин Чак Хэйгел келген. Пентагондун төрт жетекчисинин келишин ЖМКлар базаны жабуу жөнүндө Кыргызстандын сунуштарына же чечимдерине байланыштырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0