Өмүрбек Бабанов: шартыбыз кабыл алынса "РАЖ" коалицияга кирүүгө даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери шарт дегени шайлоочулар алдында берген убадаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүү экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өнөктөштөр шартка көнсө "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүүгө даяр. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу чечим фракция жыйынында кабыл алынганын маалымдаган. Буга Өмүркулов КСДПнын коалициядагы эки фракция менен иштеше албай калганын жүйө келтирген.

"Шайлоочулар алдында берген убадаларыбызды аткаруу үчүн мыйзам долбоорлорубуз жана бир топ демилгелерибиз бар. Эгерде көпчүлүк коалициясын түзүүчүлөр ошол демилгелерибизди колдоого алса, биз коалицияга кирүүгө даярбыз", — деди Бабанов. 

Эске сала кетсек, буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган.

Жаңы коалицияга кайсы фракция кириши ыктымал экенин, өкмөттүн тагдыры эмне болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0