Кыйраган коалиция тууралуу ачуу кептер: Төрөбаев, Өмүркулов жана Исаев кайым айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПервое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша
Первое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин бүгүнкү отуруму коалициянын тарашы менен башталып, кызуу талкуу менен уланууда. Бакыт Төрөбаев КСДПчыларды күнөөлөсө, алар өз жоопторун билдирди.

БИШКЕК, 26-окт. —Sputnik. Көпчүлүк коалициядагы чечимдер башка жактан чыгып жатты. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы расмий түрдө коалициядан чыга тургандыгын билдирген. Аталган фракция көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыгын айткан. 

Бакыт Төрөбаев: көпчүлүк коалициядагы чечимдер башка жактан чыгып турган

"Биз далил жана аргумент менен сүйлөшүбүз керек. Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу демилге көтөрүлгөндө биздин фракция 15 берене боюнча сунуш берсек, жооп болбоду. Конституция тууралуу эки ирет фракция жыйын куруп, тиешелүү адамдарды чакырсак келбей коюшту. Ошондон улам биздин ой менен эч ким эсептешпей тургандыгын түшүндүк", — деди Төрөбаев.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери чечимдер көпчүлүк коалицияда эмес, башка жакта чечилип жатты деген пикирин кошумчалады.

Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: шартыбыз кабыл алынса "РАЖ" коалицияга кирүүгө даяр
"Урматтуу Иса Шейшенкулович, сиз көпчүлүк коалициясын башкарып турганда мүчөлөрдү жыйнай алган жоксуз. Мен демилге көтөрүп, лидер катары Канат Исаевди шайлаганбыз. Төрт фракция лидерлеринин үчөө Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Тынчтык Шайназаровду шайлоону колдоп, сиз пикир уккан жоксуз. Ага да макул болдук. Эң негизгизи коалициядагы чечимдер башка жактан чечилип жатты", — деди Төрөбаев.

Ал эми кийинки сөз кезегин алган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин колдоп, кийин ойт бергенин айтты. 

Иса Өмүркулов: Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүдө ойт бердиңиз

"Бакыт Эргешович, коалиция лидерин шайлоо боюнча кабинетиңизге чейин бардым. Бириңер да ынаган жоксуңар. Анан мага керекпи? Конституция боюнча өзгөртүүнү башында колдоп, кийин ойт бердиңиз. Президентке чейин кирем деп чыктыңыз. Президенттин кандай тиешеси бар?" — деди Өмүркулов.

Ал ЖКнын тармактык комитетинин төрагалыгы КСДП фракциясына тиешелүү экенин айтып, талашып чыктыңар деген пикирин кошумчалады.

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев бүгүнкү күндө өкмөт башчы да, төрага да КСДП фракциясынан шайлангандыгын айтып, тармактык комитетинин төрагалыгын башка фракцияга берсе болмоктугун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0