Алмаз Баатырбеков "Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп шайланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки лидер Канат Исаев алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу ордун бошоткон.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Алмаз Баатырбеков "Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлү өзү тастыктады. 

Эске сала кетсек, буга чейин фракция лидери болгон Канат Исаев алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу ордун тапшырганы кабарланган.

"Мурунку лидерибиз Канат Исаев алдыдагы шайлоолорго байланыштуу өз ыктыяры менен ордун бошоткон. Ал эми фракция жыйынында лидерликке менин талапкерлигим коюлуп, депутаттар бир добуштан колдоп беришти", — деди Баатырбеков. 

Жаңы лидер көпчүлүк коалициясын куроо боюнча сүйлөшүүлөр боло электигин айтып, бүгүн түштөн кийин башталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0