Кыргызстанда өтчү ШКУ саммитине кайсы өкмөт башчылар келет

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив
ШКУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-ноябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт. Анын жыйынтыгы менен 8-10 документке кол коюлушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелердин департаменти директорунун орун басары, Кыргызстандан дайындалган ШКУнун улуттук координатору Гүлкайыр Балбаева Бишкекте 3-ноябрь күнү өтө турган ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынына кимдер келип, кандай деңгээлде өтө турганын маалымат жыйында айтып берди.

Анын билдириши боюнча учурда Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстан өкмөт башчыларынын саммитке келери тастыкталды. Ал эми Өзбекстандан биринчи вице-премьер Рустам Азимов катышмай болду.

"Жыйынга мындан тышкары, байкоочу өлкө болгон Индиядан — тышкы иштер министри, Пакистандан — премьер-министрдин кеңешчиси, Афганистандан — өкмөт башчы, Ирандан — тышкы иштер министринин орун басары келет. Монголиядан элчи болот", — деди Балбаева.

Дипломат Белоруссиянын премьер-министри келе турганын азырынча оозеки ырастаганын кошумчалады. Мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринен, БУУ жана башка уюмдардан меймандардын келиши күтүлүүдө.

Балбаева жыйында бир катар маселелер талкууланып, анын жыйынтыгы менен 8-10 документке кол коюла турганын белгиледи.

"Саммиттин катышуучулары ШКУнун 2017-жылга карата бюджетин жана өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин бекитет. Бул маанилүү документтердин бири", — деди ал.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын премьери КР жетекчилиги менен эмне тууралуу сүйлөшөрү белгилүү болду
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. 2015-жылдын 10-июлунда ШКУга Индия менен Пакистандын кошулуусу боюнча процедура башталган. Уюм аталган аймакта стабилдүүлүк менен коопсуздукту бекемдөө, терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизат сатуу менен күрөшүү, экономика, энергетика, илим жана маданият жаатында кызматташуу максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0