Атамбаев РФ премьери Медведев менен кызматташуу маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин өкмөт башчысы жолугушууда президент Владимир Путиндин салам-дубайын Атамбаевге айтты.

БИШКЕК, 3-ноя. —Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана аны өркүндөтүү маселелерин талкуулады.

Бул жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын алдында болду. 

Президент Атамбаев премьер-министр Медведев менен жылуу учурашып, россиялык делегациянын келишине кубанычын билдирди.

"Бизди жылуу, бекемделип жаткан достук мамилелерибиз байланыштырып турат. Сизге жолукканыма кубанычтамын", — деди Атамбаев.

Медведев өз кезегинде Атамбаевге жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мен да кубанычтамын, эми биздин алдыбызда ШКУнун алкагында өкмөт башчыларынын иш-чаралары турат",— деди россия премьери.

Ал РФ президенти Владимир Путиндин салам дубайын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0