Иса Өмүркулов: көпчүлүк коалициясына КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирди

Жазылуу
Жаңы коалициянын лидери көпчүлүк коалициясы Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка көрсөтө тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясы түзүлүп, ага КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттен билдирди. 

Эске сала кетсек, президент коалиция куроо мандатын КСДП фракциясына тапшырган. 

"Президенттин жарлыгынын негизинде көпчүлүк коалициясын курадык. Ага КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирип, жалпысынан 68 депутат болду. Ага лидер катары мен, Иса Өмүркулов шайландым", — деди Өмүркулов. 

Жаңы коалициянын лидери көпчүлүк коалициясы Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка көрсөтө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0