Текебаев ИИМ башчылыгына сунушталган Улан Исраиловду бурчка такады

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбековду ИИМ башчысына сунушталган Улан Исраиловду колунан жетелеп иштетесизби деп сынга алды.
Текебаев ИИМ башчылыгына сунушталган Улан Исраиловду бурчка такады

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. ИИМ жетекчилигине сунушталып жаткан Улан Исраиловду президент Өмүрбек Текебаевди камасын деп жөнөткөн. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, ушул тапта ЖКда өкмөттүн жаңы курамы сунушталып, Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөттүн программасы каралууда. 

"Президент Атамбаев ИИМде реформа жүрбөй жатат деп сындап, жаңы министр болууга Улан Исраиловду жөнөттү. Ал эми анын ордуна сиз, Сооронбай Шарипович, жооп берип отурасыз. Мен элементардык гана суроолорду берем. Административдик ведомствонун канча түрү бар? Жооп жок. Кийинки суроо. Өкмөттө канча мүчө бар? Дагы жооп жок. Канча министр бар? Дагы да жооп жок. Сооронбай Жээнбеков, Исраиловду эмне колунан жетелеп иштетесизби?!" — деди Текебаев. 

Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов: Мухамметкалый Абулгазиев, сиз вице-премьерликке татыктуу эмессиз!
"Ата Мекен" лидери президент Исраиловго атайын тапшырмаларды берип жиберди деген оюн кошумчалады. 

"Кризистин үч себебин айтып бериңизчи. Президент ошолорду чечүү үчүн тапшырмаларды берип жөнөттү. Алардын биринчиси Текебаевди камайсың деди да. Артыкчылык берилген максаттарыңызды айтыңызчы", — деди Текебаев. 

Депуттаттын суроолору жоопсуз калып, ИИМ башчылыкка сунушталган Исраилов ооз ачканга жараган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0