Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Жээнбеков: ИИМ башчылыгына сунушталган киши кооз сүйлөй албайт, бирок таза иштейт

329
(жаңыланган 13:14 09.11.2016)
Парламенттеги талкуу учурунда ички иштер министрлигине сунушталып жаткан Улан Исраиловдун депутаттардын суроосуна жооп бере албай жаткандыгы эл өкүлдөрүнүн арасында нааразычылык жаратты.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. ИИМ башчылыгына сунушталып жаткан Улан Исраилов кооз сүйлөй албайт, бирок таза иштейт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. 

Эске сала кетсек, ушул тапта өкмөттүн жаңы курамы жана программасы парламентте каралууда. 

Сөз кезегин алган "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Улан Исраиловдун ооз ачпай жатканына нааразы болду. 

"Өкмөттүн жаңы курамын сиз тандадыңызбы? Мен сизди сыйлайм, бирок ИИМ башчысы болот деген Улан Исраилов түшкө дейре суроолорго жооп бере албай жатат. Булар үчүн жоопкерчиликти аласызбы?" — деди Жакупова.

Аталган суроого жооп берип жаткан Сооронбай Жээнбеков Улан Исраилов кооз сүйлөй албай тургандыгын билдирди. 

"Улан Исраиловду көп жылдан бери билем. Оратор эмес. Бирок таза иштейт. Бизде таза иштеген кадр табуу кыйын. Тажрыйбалууларды алып келсек ууру болуп жатат. Исраилов буга чейин ИИМде иштеди. Биринчи кезекте ИИМдеги булганган милицияларды тазалоо керек", — деди Жээнбеков. 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу парламентке биринчи келген адам сүрдөй тургандыгын айтып, Исраилов кийинки келгенде суроолорго жооп берерин кошумчалады.

329
Белгилер:
талкуу, өкмөт, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Өкмөттүн жаңы курамы сунушталды: алты министр, бир вице-премьер алмашууда
Бабанов: Мухамметкалый Абулгазиев, сиз вице-премьерликке татыктуу эмессиз!