Дүйшөнбек Чоткараев УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп дайындалды

© Sputnik / Григорий СысоевКонференция по реформированию уголовно-исполнительной системы
Конференция по реформированию уголовно-исполнительной системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин УКМК Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп, Улан Исраилов иштеп келген. Ал ички иштер министри болуп кеткенден кийин орду бош калган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп Дүйшөнбек Чоткараев дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди. 

© Пресс-служба президента КРУлуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын директору болуп дайындалган Дүйшөнбек Чоткараев
Первый заместитель председателя ГКНБ Дуйшенбек Чоткораев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын директору болуп дайындалган Дүйшөнбек Чоткараев

Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

"Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Дүйшөнбек Чоткараев КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп, Улан Исраилов иштеп келген. Ал ички иштер министри болуп кеткенден кийин орду бош калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0