Сегизбаев Megacom ишканасын сатууга үч депутат кызыкдар болгонун президентке айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев алынган далилдер дыкат текшерилүүсү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилдирмеге караганда, Сегизбаев УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген.
Билдирмеге караганда, Сегизбаев УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирмеге караганда, Сегизбаев УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген.
1/2
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты
2/2
Билдирмеге караганда, Сегизбаев УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген.

Билдирмеге караганда, Сегизбаев УКМК мурдагы чиновниктер, учурда Жогорку Кеңештин үч депутаты Megacom компаниясын сатууга кызыкдар болушканын күбөлөндүргөн документтерге ээ болгонун айтып берген. 

"Сегизбаев Борбордук Америкадагы Белиз мамлекетинен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын үч депутаты 2012-жылдары чиновник болуп турган маалда "Саутфилд" компаниясы Megacom компаниясын сатуу менен 50 миллион доллардан ашык каражат табуусуна кызыкдар болгонун күбөлөндүргөн документтерди бергендигин айтты", — деп айтылат маалыматта. 

Ошол убакта Megacom компаниясы улутташтырылгандыктан аны сатуу ишке ашпай калган. 

Президент Атамбаев өз учурунда алынган далилдер дыкат текшерилүүсү керектигин билдирди. 

Өлкө башчынын маалымат кызматы жөнөткөн документтердин сүрөтүндө Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдордун аты-жөнү көрсөтүлүп турат.

Белгилей кетсек, маалыматка караганда, "Саутфилд" кломпаниясы Максим Бакиевге таандык экени болжолдонуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0