Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо аракетин баштаганын айтты

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат ЖК VI созыва, лидер фракции "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Депутат ЖК VI созыва, лидер фракции Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери президенттин айланасындагылар — достору, жардамчылары өздөрүнүн укуктарынан аша чаап, мамлекеттик иштерге түздөн-түз кийлигишип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге карата импичмент жарыялоо аракетин баштаганын маалымат жыйында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, жаңырган жылдын январь, февраль айларында документтер топтолуп, импичмент жарыялоо үчүн укуктук факты базасы даярдалат.

"Биз президенттин жер-жерлерде сүйлөгөн сөздөрүн, мамлекеттик кызматтагыларга берип жаткан тапшырмалары, алардын аткарылышын талап кылып жаткандарын изилдеп таап кошобуз. Бул аракеттер президентке импичмент жарыялоого негиз болуп берет", — деди Текебаев.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери ошондой эле президенттин айланасындагылар — достору, жардамчылары өздөрүнүн укуктарынан аша чаап, мамлекеттик иштерге түздөн-түз кийлигишип жатканын айтты. Президент болгонуна карабай Атамбаевдин КСДП партиясынын саясий иштерине аралашып жатканын белгилеген Текебаев Конституция боюнча мындай аракеттерге жол берилбеши керектигин эскертти.

"Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда минтип жазылып турат: президент ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүн саясий партияларга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. Ал эч бир партияга көз ымдап да жан тартпашы керек болчу", — деди Текебаев.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Атамбаев өзүнүн Конституцияда каралган укуктарынан аша чаап, КСДП партиясынын ишине аралашып жатканын билдирди.

"Февраль айында Чолпон-Атада болгон КСДП партиясынын курултайында анын эң жогорку мүчөлөрү болуп президенттин аппаратында иштеген, андан түздөн түз көз каранды болгон кишилер партиянын жогорку жетекчилигине кирди", — деди эл өкүлү.

Текебаев президент КСДП партиясын өзүнүн аппараты аркылуу жетектеп жатканын да баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0