Парламентте жаңы депутаттар ант беришти

Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынан эки эл өкүлү өкмөткө кызматка кеткендиктен, ордуна жаңы депутаттар келишти.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов бүгүнкү отурумда ант беришти.

Аталган эл өкүлдөрү "Кыргызстан" фракциясынан экс-депутаттар Чолпон Султанбекова менен Таалайкүл Исакунованын ордуна келишти.

Эске сала кетсек, Чолпон Султанбекова вице-премьер болуп шайланса, Таалайкүл Исакунова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0