"Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" ЖКдагы комитет башчылыктан кур калды

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар парламенттик комитеттердин башчыларын тандашты. "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракцияларынан башчылыкка эч ким көрсөтүлгөн жок.

Заседание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики представил Программу, структуру и состав Правительства Кыргызской Республики. - Sputnik Кыргызстан
Президент өкмөттүн курамын бекитти
Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы түзүлгөн.

Жаңы коалицияга КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" фракцияларынан 68 депутат кирип, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары оппозицияда калышты.

Мурдагы коалиция ыдырар алдында КСДП фракциясы "көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыгын" айткан. 

Парламенттик азчылыктын энчисине эки комитети тийди, экөө тең "Республика — Ата-Журттан" фракциясына берилди. Ал эми көпчүлүгү коалициясынын карамагына (КСДП — төрт, "Кыргызстан" — эки, "Бир Бол" — бир) жети комитет кирди. 

Комитеттердин жетекчилери:

  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы — Аскарбек Шадиев ("Бир Бол"). Буга чейин аталган комитетти "Кыргызстан" фракциясынан Алмазбек Баатырбеков башкарып келген;
  • Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин башчысы — Гүлкан Молдобекова (КСДП). Мурда Садык Шер-Нияз жетектеген (Ата Мекен);
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин башчысы — Айтмамат Назаров ("Кыргызстан"). Мурда "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакиров башкарчу.
  • Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы — Мирлан Жээнчороев (РАЖ) болду. Бул орунга "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаров да талапкерлигин койгон. Ал эми мурда Жаныбек Бакчиев башкарып келген ("Бир бол").
  • Бюджет жана финансы боюнча комитетинин башчысы болуп — Таабалды Тиллаев (РАЖ) дайындалды. 

Ал эми өз ордун сактап калгандар:

  • Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин башчысы — Марат Аманкулов (КСДП);
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы — Асель Кодуранова (КСДП);
  • Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы — Кожобек Рыспаев (КСДП);
  • Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жетекчиси — Нурлан Макеев ("Кыргызстан").

Комитетердин башчыларын шайлоо жашыруун түрдө ишке ашат. 50 добуштан ашык добуш алган талапкер гана комитет башчысы боло алат. Жогорку Кеңештин регламентинде бюджет жана тартип коргоо маселелерин караган комитеттердин башчылары оппозиция тараптан шайланышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0