БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисине "Кыргызтелеком" ишканасынын башчысы Эмиль Ешеналиевди кызматтан кетирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча "Кыргызтелеком" ишканасынын башчысы Ешеналиев тергөө иштери жүрүп жаткан учурда уруксатсыз эс алууга чыгып кеткен.
"Өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мэлис Мамбетжановго "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчиси Эмил Ешеналиевди мыйзамга ылайык кызматтан кетирүүнү буюрду,"— деп жазылат өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
"Кыргызтелеком" ишканасы сынак же баалардын мониторинги жок мамлекеттик сатып алуу талаптарын бузуп, казакстандык интернет-провайдерлер менен мыйзамсыз келишим түзгөндүгү үчүн мурда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
Прокуратуранын маалыматтарына ылайык, эки компанияга тең 275 миң доллардан ашык акча төлөнгөн.
Буга чейин "Кыргызтелеком" кардарларын Интернетсиз калтырбоо максатында Казакстандагы кесиптештеринин шартына макул болууга туура келгенин айтышкан.Бирок казак тарап ашыкча акча төлөнгөнүн төгүнгө чыгарып келишим пайдасыз түзүлүп калганын, аны кыргыз тарап билип туруп аткарбай койгонун жазып чыккан.
Августтун башында Кыргызстандын интернет-провайдерлери казак өнөктөштөрдөн транзиттин 3-4 эсеге кымбаттай турганы тууралуу маалымат алышкан.
Андан соң казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 долларлык тариф белгиленген келишимге кол коюшкан.
Ноябрь айынын башында КРдин Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов казакстандык операторлор Кыргызстанга интернетти секундасына бир мегабитке 15 доллар болгон мурдагы (июнь айындагы) баасында сатууга даяр экендигин билдирген.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районуна барып жер берүүгө каршы чыккан эл менен жолугушууда.
Аталган райондун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине макул болбой бир нече күндөн бер нааразычылык акциясын өткөрүп келген. Жергиликтүүлөр ал тилке суунун башы экенин, жайыт катары колдонуларын айтып, боз үйлөрдү тигип отуруп алышкан.Учурда Ташиев менен айылдын миңге чукул жашоочусу жолугуп, талаптарын айтышууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Шайлоо жарышынан четтетилген Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимине нааразычылыгын билдирип, "мыйзам бузуулар боюнча айтылган далилге ынанбаганын жар салды. Бул тууралуу билдирүү партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Эске салсак, Бишкектин аймактык комиссиясы шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүн экенин айтып, КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алган.
"Бизге мыйзам бузуулар боюнча күмөн санаткан далилдерди көрсөтүштү. Бирок бир дагы жолу добуш сатып алуу болгонун жарытылуу далилдеп бере алышкан жок. Өздөрү ойлоп тапкан эки мисалды бетке кармашты. Ал нерселер тастыкталып, эки шайлоо тилкесинде жыйынтык жокко чыгарылды деген күндө дагы добуш берүүнүн жалпы жыйынтыгына анчалык таасир бермек эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле партия мыйзамсыздыкка каршы туруп өз таламын талашарын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чууну чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.
Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.