Атамбаев: Бабанов же Төрөбаев президент болуп калса, таң калбайм

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституцияга ылайык, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктап, ошол эле жылы президенттик шайлоо өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында мураскер тууралуу суроого жооп берди.

Учурдагы өлкө башчы 2011-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган. Конституцияга ылайык, Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктап, ошол эле жылы президенттик шайлоо өтөт. Өлкө башчы бир гана мөөнөткө шайланат.

"Мураскер болбойт. Бул демократиянын өнүгүшүнөн кабар берет. Кимдир бирөөнүн атын айтсам да аны сокку алдында калтырышым мүмкүн. Татыктуулар бар экенин көрүп турам. Бабанов же Төрөбаев президент болуп калса таң калбайм. Албетте, КСДПнын мүмкүнчүлүгү жогору. Бул партия менен анын түзүүчүсү катары иштешип турам. КСДПдан бирөө өтүп кетсе — жакшы, башка партиядан өтсө — бу да жакшы", — деди президент. 

Атамбаев беш жылдан бери анын командасы бийликти тынчтык жол менен тапшырууга аракет жасап жатканын белгиледи. 

"Шайлоо таза жана ачык эки тур менен өтөт деп турам", — деди президент.

Ушу тапта бир катар саясатчылар президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0