Атамбаев Мирзиёевди Өзбекстандын президенти болушу менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирзиёевге өз добушун 15 миллион 900 миң шайлоочу берген.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандагы шайлоодо жеңишке жетишкени менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин куттуктоо телеграммасында 4-декабрда өткөн шайлоодогу Мирзиёевдин жеңиши Өзбекстан элинин ага болгон ишеними жана колдоосу экени жазылат.

"Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстан туруктуу өнүгүү жолун улантат", — деп жазылган куттуктоодо.

Кыргызстандын президенти ошондой эле эки тараптуу кыргыз-өзбек мамилеси жаңы дем менен өз ара түшүнүшүү жолунда улана турганына үмүт кыларын белгилеген.

Чек арадагы тосмо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан чек аранын талаш тилкелерин тактоого киришти
Эскерте кетсек, Өзбекстандагы президенттик шайлоодо президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев утуп, 15 миллион 900 миң шайлоочунун добушун алган. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 17 миллион 900 миң киши катышып, өз добушун бергендер 87,83 пайызды түзгөн. 

Бул шайлоодо Либерал-демократиялык партиясы учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевди, Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиясы Хотамжан Кетмоновдун талапкерлигин сунуштаган. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдети убактылуу Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 9381 участка даярдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0