Камакка алынган депутаттарга мындан ары айлык төлөнбөйт

Жазылуу
Эгер эл өкүлү акталып чыкса маяна берүү токтотулган күндөн тартып толугу менен төлөнүп берилет.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Камакка алынган депутаттарга мындан ары айлык төлөнбөй турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Алмазбек Атамбаев "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорго кол койду.

"Практика көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө бул багытта кемчиликтер бар. Тагыраагы, депутат узак мөөнөткө камакка алынса же үй камагына чыгарылса бул убакыт аралыгында аларга кадимкидей айлык төлөнүп, сый акылар которулуп келет", — деп мыйзам долбоордо белгиленген.

Мындан ары айлык төлөө депутат абакка отургузулуп же үй камагына алынган күндөн тартып токтотулат. Эгер кылмыш иши жабылып эл өкүлү акталып чыкса, анда маяна берүү токтотулган күндөн тартып толугу менен төлөнүп берилет.

Белгилей кетсек, өткөн чакырылыштын депутаттары айрым кесиптештери маяна алып жатканына нааразы болуп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0