Атамбаев: шайлоочулардын 30 пайызы келип береби деп толкунданып жатам

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда референдум жана 405 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев референдумга шайлоочулардын 30 пайызы келип береби деп толкунданып жаткандыгын айтты. Бул тууралуу президент маалымат жыйын учурунда кабарлады.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда референдум жана 405 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүүдө. 

"Мен үйдөн келе жатып кудайга тообо дедим. Бир чети референдумга жана жергиликтүү шайлоого 30 пайыз эл келип береби деп толкунданып жатам. Анткени референдумда 30 пайыздык чектөө бар. Ошол эле убакта сүйүнүп турам. Анткени буга чейин шайлоочулардын 110 пайызы добуш берген учурлар болгон", — деди президент. 

Белгилей кетсек, шайлоо процессин эл аралык уюмдар көзөмөлдөп, тартипти тогуз миң милиция кызматкери көзөмөлдөөдө.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөрүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0