БШК: алдын ала маалымат боюнча көпчүлүк референдум үчүн добуш берген

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 18:00гө алынган маалымат боюнча шайлоого катышкандар 35,5 пайызды түзгөн. Референдумда 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча элдин көпчүлүгү референдум үчүн добуш беришкенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы добуш берүү — жаңы урналар иштебей, эскилери колдонулуп жатат
Эске салсак, бүгүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү.

БШКнын сайтына жарыяланган акыркы маалыматтарга караганда, Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө макул деп 899,2 миң адам добуш берсе 173,5 миң жаран каршы добушун берген. Ал эми 56,8 миң бюллетень жараксыз деп табылган. 

Саат 18.00гө карата жарандардын катышуусу 35,5 пайызды түзгөн. Референдумга 2 миллион 852 миң адам добуш берүүгө укуктуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0